Эки-Нарын көпүрөсү ачылып, каттам берилди

Аймак Загрузка... 17 Сентябрь 2025 18:18
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/ Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы Эки-Нарын көпүрөсү ачылып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөн.

Андан соң көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, монтаждоо иштери аткарылган. Бүгүнкү күндө темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулуп, каттам берилди.

Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтерин (парапеттерди) коюу иштери аткарылат.

Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан жасалып, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта ГЭС куруу пландалгандыктан, көпүрө убактылуу салынды.