Банкка каршы санкциялар. Кыргызстан Европа менен тең укуктуу жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр — ТИМ

Тышкы саясат Загрузка... 24 Октябрь 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Европа биримдиги Россияга каршы жаңы санкциялар пакетин бекитти. Чектөөлөр Россиянын компаниялары менен банктарына гана эмес, Борбор Азия, Кытай, Индия жана Таиланд өлкөлөрүнүн бизнесине да тиешелүү болду.

Евробиримдиктин санкциялары Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразиялык аманат банкы" банктарына да таасирин тийгизди. Алар үчүн чектөөлөр 12-ноябрда күчүнө кирет.

Жыл башында эле Улуу Британиянын жана АКШнын өкмөттөрү Кыргызстандагы "Керемет Банк" жана "Капитал Банкына" каршы санкция киргизген. Анда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын банктарынын Россияга каршы батыш чектөөлөрүнөн качууга катышкандыгы тууралуу эч кандай далил жок экенин айтып, батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстанга карата мындай кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалаган.

2023-09-26_17-04-08_363151.jpg

АКШ менен Европа бир жагынан Евразиядагы өз ролун колдон чыгарбоого аракет кылып, бул жерде өз катышуусун бекемдөөгө аракет жасап, эмгек миграциясы жана экономикалык кызматташтык боюнча келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, "5+1" форматын колдонуп санкцияларды киргизүүдө. Эксперттер, мындай кызматташуу ыкманы “бир колуна камчы алып, экинчиси менен боорсок берүү” менен салыштырат.

Ал эми, КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын юридикалык жактарынын Европа биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилишине байланыштуу өкүнүчүн билдирди.

1.jpg

“Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактайт, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алууга багытталган Европа биримдигиндеги өнөктөштөр менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Европа биримдиги Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүк куруу жана анын ичинде биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү ниетин ырааттуу түрдө билдирип келет. Буга байланыштуу кыргыз тарап Европа биримдиги жана анын мүчөлөрү менен тең укуктуу, өз ара сыйлаган жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Мындай ыкма бир тараптуу санкциялык басымга караганда, өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасы Европа биримдигин иш жүзүндөгү жагдайларды текшерүү жана кандайдыр бир каралып жаткан чектөө чаралары ишенимдүү жана текшерилген маалыматтарга негизделгенин тастыктоо үчүн көз карандысыз, эл аралык деңгээлде таанылган аудит жүргүзүүнү баштоого расмий түрдө чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат алмашууну, транзакцияларга мониторинг жүргүзүүнү жана тобокелдиктерге биргелешип баа берүүнү үзгүлтүксүз жүргүзө турган "Кыргызстан - Европа биримдиги" атайын биргелешкен техникалык жумушчу тобун түзүүнү сунуштайт.

----------------------_2025-08-14_143831779-1.png

Улуттук банк дагы бул боюнча ЖМКларга тынч жана салмактуу реакция менен чыкты.

"Зарыл болгон учурда жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кошумча чараларды жана инструменттерди банк секторунун туруктуулугун сактоо жана аманатчылардын, кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо максатында колдонууга даяр",- деп белгилешкен Улуттук банктан.

Кыргызстандын банктар союзунун башчысы Анвар Абдраев "Кабар" агенттигине өлкөбүздүн эки финансылык мекемесине санкция киргизүү боюнча кырдаалга комментарий берди.

Анвар Абдраев жөнгө салуучунун позициясын колдой турганын билдирип, европалык мамлекеттердин санкциялык саясаты белгилүү бир суроолорду жаратып жатканын белгиледи.

«Мен каржы системабызга кысым көрсөткөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуушуларды өткөргөм. Эгер санкциялар киргизилсе, анда бул фактылар менен байланыштуу болушу керек, бизге кандай дооматтар коюлуп жатканынын далилдүү базасы болушу керек. Бул олуттуу аракеттер, бирок мен ал боюнча эч кандай жооп же түшүндүрмө ала алган жокмун.

162268.jpg

Азыркы учурда биздин каржы системабыз туруктуу. Улуттук банкта кырдаалды толугу менен көзөмөлдөөгө керектүү бардык шаймандар бар, бирок ага карабастан каржы секторунун ликвиддүүлүгү жетиштүү деңгээлде камсыздалган. Санкцияларга болгон биздин мамилебизди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясындагы сөзүндө белгилеген.

Банктар союзу ар кандай текшерүүлөргө жана аудиттерге катышууга, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга, түшүнбөстүктөрдү жоюуга жана кызматташууга тоскоол болгон суроолорду чечүүгө даяр", - деп билдирди Анвар Абдраев.