Эки адам жабыркады. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 15 Ноябрь 2025 13:00
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Бүгүн таң эрте Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Көп кабаттуу үйдөн 50 жашоочу коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, учурда өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 800 чарчы метрди каптаган.

Тилсиз жоодон эки адам жабыркап, учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.