Египетте туристтерди ташыган автобус кырсыкка учурады. Каза болгондор бар

Дүйнө 12 ноябрь 2025 15:50
Египетте туристтерди ташыган автобус кырсыкка учурады. Каза болгондор бар
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Египетте туристтерди ташып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, эки адам каза болуп, 39 адам жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 27си Россиянын жарандары.

Жергиликтүү Al Masry Al Youm басылмасы кабарлагандай, каза болгондордун арасында автобус айдоочусу жана бир Россиянын жараны болгон.

Ошондой эле автобустун ичинде Литва, Финляндия жана Египеттин жарандары болгон. Окуя болгон жерге тез жардам унаалары жөнөтүлүп, жабыркагандарга дароо медициналык жардам көрсөтүлдү.

Туристтик топ Хургададан Каирге археологиялык жайларды көрүү үчүн бара жаткан.

Учурда кырсыкка байланыштуу тиешелүү мекемелер тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.