Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Археологдор Египеттин түштүгүндөгү Асуанданы казуу учурунда Птолемей жана Рим доорлоруна таандык мүрзөлөрдү табышкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, египеттик-италиялык биргелешкен археологиялык миссия грек жана рим дооруна таандык бир катар аскадан жасалган мүрзөлөрдү табышкан. Аларда жакшы сакталып калган иероглифтик жазуулар бар болгон.
Мүрзөлөргө тогуз тепкичтен турган таш тепкич менен жетүүгө болот.
Египеттин байыркы эстеликтер боюнча жогорку кеңешинин башкы катчысы Мохамед Исмаил Халед табылгалар жана жазуулар египетологдор үчүн бай илимий материал болорун билдирген.
Анын айтымында, мүрзөдөн табылган мумияларга археологдор томография жана биологиялык анализ жүргүзүшөт.