Египетте эки микроавтобус кагышып, 9 киши каза тапты

Дүйнө 7 июль 2025 11:01
Египетте эки микроавтобус кагышып, 9 киши каза тапты

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Күн мурун Каирдин түндүгүндөгү Минуфия провинциясында эки микроавтобус кагышып, тогуз киши каза болуп, 11 киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык автобустун биринин ылдамдыкты жогорулатып айдоосунан келип чыккан.

“Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө психологиялык жардам көрсөтүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.