Бишкек, 22.08.25 /Кабар/. Египеттин түндүгүндөгү Александрия шаарынын жээгиндеги деңиз түбүнөн үч чоң айкел алынып чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Александриянын четиндеги Абу-Кир портунда жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө фараон Рамзес IIнин картушу түшүрүлгөн кварцтан жасалган сфинкс түрүндөгү айкел,
Птолемейлер доорундагы белгисиз адамдын гранит айкели,
байыркы Рим доорундагы ак сөөк адамга таандык ак мрамордон жасалган айкел кургактыкка чыгарылды.
25 жылдан бери биринчи жолу Египет бийлиги деңиз түбүнөн байыркы мурастарды алып чыкты. Министр Шериф Фатхи белгилегендей, айрым тарыхый баалуулуктарды сактап калуу максатында алар деңиз түбүндө кала берет, ал эми башкалары илимий стандарттарга ылайык, көзөмөл астында чыгарылат.
Абу-Кир булуңунда болжол менен б.з.ч. VIII кылымда курулган байыркы Гераклион шаарынын калдыктары жатат. Ал өз убагында Египеттин эң ири соода борбору жана порту болгон. 331-жылы Александрия негизделгенден кийин өз маанисин жоготкон. Шаар болжол менен 1200 жыл мурун суу астына кеткен. 2000-жылы археологдор аны кайра таап, бүгүнкү күндө ал деңиз түбүндөгү эң кызыктуу "музейлердин" бири болуп эсептелет.