Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Египеттик археологдор Синай жарым аралынан болжол менен 10 миң жылдык тарыхы бар байыркы аскалуу баш калкалоочу жайды табышты. Бул тууралуу Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, табылга Жабаль-Умм-Арак тоосунда, Түштүк Синай провинциясында аныкталган. Кум таштан турган табигый башпаанек 100 метрден ашык аралыкка созулуп, чоң тарыхый жана көркөм баалуулукка ээ.
Башпаанектин шыптары кызыл жана боз түстөгү сүрөттөр менен кооздолгон. Анда жаныбарлар, символикалык фигуралар жана ар кыл доордогу күнүмдүк турмушту чагылдырган көрүнүштөр тартылган. Айрым сүрөттөр б.з.ч. 10 000–5500-жылдарга таандык.
Сүрөттөрдүн арасында жаа көтөргөн аңчылар, иттер, төө жана ат минген адамдар, ошондой эле эрте араб жазуулары кездешет.
Археологдор казуу иштеринин жүрүшүндө жаныбарлардын калдыктарын жана турак жайлардын издерин табышкан. Бул башпаанек адамдар жана мал үчүн убактылуу токтоочу жай катары пайдаланылганын көрсөтөт. Андан сырткары, байыркы Египет, Рим жана орто кылымдарга таандык таш куралдар, керамика сыныктары табылган.
Адистердин айтымында, Умм-Арак аймагын байыркы доордон тартып эрте ислам мезгилине чейинки көркөм жана символикалык салттарды чагылдырган ачык асман алдындагы табигый музей деп баалоого болот.