Brent мунайынын баасы баррелине 93,72 долларга чейин көтөрүлдү

Дүйнө 12 июнь 2026 12:40
Brent мунайынын баасы баррелине 93,72 долларга чейин көтөрүлдү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Brent чийки мунайынын баасы баррелине 93,72 долларга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бейшемби күнү кечинде мунайдын баасы жогорулады.

Лондондун ICE Futures биржасында Brent баррелине 93,72 доллардан сатылып, мурунку жабылуудан 0,62 долларга (0,67%) жогорулады.

Нью-Йорк товардык биржасында (NYMEX) WTI мунайы 1,09 долларга (1,21%) жогорулап, баррелине 91,12 долларды түздү.