Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси декабрь айынан тартып чет элдик жарандар үчүн виза акысын 20 долларга чейин жогорулатууну бекитти, деп Veto Gate жазганын Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, өлкө президенти парламенттин чечимине ылайык, Египетке кирүү визасынын акысын көтөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү бекитти. Алымдын көбөйүшү 20 доллардан же башка чет элдик валютадагы барабар суммадан ашпашы керек.
Гезитте белгиленгендей, 30-ноябрда кол коюлган жарлык 1-декабрда күчүнө кирди.
Египет акыркы жолу виза бааларын 2014-жылдын май айында көтөргөн. 30 күнгө чейинки бир жолку кирүү визалары 15 доллардан 25 долларга чейин көтөрүлгөн. 2017-жылы алты айга жарактуу көп жолку кирүү визаларынын баасы 35 доллардан 60 долларга чейин көтөрүлгөн.
Туркомпаниялар визанын баасынын жогорулашы Түштүк Синайдагы курортторго түз учкан туристтерге таасир этпей турганын белгилешүүдө, алар дагы эле Синай мөөрүн бекер ала алышат.
Туристтер үчүн бул Шарм-эль-Шейх, Дахаб, Нувейбага же Табага саякаттоодо эч нерсе өзгөрбөйт дегенди билдирет — алар Синай жарым аралында калган шартта визасыз 15 күнгө чейин эс ала алышат деп айтылууда.