Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Төкмө акындар айтышынын тандоо туру өтөт

Маданият Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 16:45
456024.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру 10-августта Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты – эгемендүүлүктү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, төкмөлүк өнөрдү сактоо жана өнүктүрүү, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо.

Тандоо турунда акындар чүчү кулак аркылуу жупташып, алым сабак айтышат. Ар бир жупка 4-5 мүнөттөн убакыт берилип, калыстар тобунун чечими менен мыкты көрсөткүч көрсөткөн 8 акын республикалык айтыштын негизги этабына өтөт.

Катышуучулар төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, көркөм ой жүгүртүүсү, комуз чертүү өнөрү жана сахна маданияты боюнча бааланат.

Республикалык айтыштын негизги этабы 11-12-сентябрда Талас облусунда өткөрүлөт.

Иш-чара Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.