Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Таласта: Касымалиев даярдыктарды текшерди

Министрлер кабинети 24 Март 2026 17:20
69c2605c7ef9e (1).jpeg
69c26126ad8b9.jpeg
69c26125a0137.jpeg
69c26124cb3cf.jpeg
69c26123e19f7.jpeg
69c26123084d8.jpeg
69c2610f2bfc4.jpeg
69c2606d7a6b7.jpeg
69c26061cd9ec.jpeg
69c2605c7ef9e.jpeg
Алдыга
Артка
69c2605c7ef9e (1).jpeg
69c26126ad8b9.jpeg
69c26125a0137.jpeg
69c26124cb3cf.jpeg
69c26123e19f7.jpeg
69c26123084d8.jpeg
69c2610f2bfc4.jpeg
69c2606d7a6b7.jpeg
69c26061cd9ec.jpeg
69c2605c7ef9e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында, быйыл Талас облусунда өтө турган Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын  35 жылдыгына арналган мамлекеттик маанидеги майрамдык иш-чараны өткөрүүгө даярдыктарды көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. 

“Президент бардык аймактардын өнүгүүсүнө катуу басым жасагандыгы үчүн жыл сайын мамлекеттин эң маанилүү майрамы ар башка аймакта өткөрүлүп жатат. Бул өлкөбүзгө салт катары кирди. Ошондуктан Талас жергесинде өтө турган быйылкы майрам мурунку жылдардан дагы күчтүү, кызыктуу, мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өтүүгө тийиш”-деди минкаб башчысы Адылбек Касымалиев.

Минкаб төрагасы бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жаңы реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлор жана социалдык өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттин жаңы доорун түзүп жатканын белгиледи. 

Көчмө жыйында Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун алкагында ачыла турган – пландаштырылган объекттер жана майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясы туурасында баяндамалар жасалды.

Жыйындын жыйынтыгында минкаб башчысы алдыдагы иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, ар бир деталына чейин так даярдалышы зарылчылыгын баса белгилеп, жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берди.