Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Таласта атайын жумушчу топ түзүлөт

Аймак 13 Июль 2026 14:50
1.jpg
743951603_1052761050615078_532915704405040713_n.jpg
743992366_1052760413948475_1066751714858747330_n.jpg
744042299_1052760663948450_8608839035965898579_n.jpg
745961901_1052760567281793_2101143067942149616_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
743951603_1052761050615078_532915704405040713_n.jpg
743992366_1052760413948475_1066751714858747330_n.jpg
744042299_1052760663948450_8608839035965898579_n.jpg
745961901_1052760567281793_2101143067942149616_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Талас облусунда өлкө Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштуруу жана салтанаттуу белгилөө маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Эрмат Жумаев аппараттык жыйын өткөрүп, анда майрамга карата аймактагы даярдык иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын алкагында укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана облустук ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда атайын штаб түзүү тапшырмасы коюлду. Бул түзүм Эгемендүүлүк майрамын уюшкандыкта өткөрүү иштерин түз координациялайт.

Ошондой эле облус аймагында курулуп жаткан өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин жана маданий комплекстердин курулуш сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын соңунда Эрмат Жумаев буга чейин өткөн элдик жыйындарда жарандар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана элдин маселелерин өз убагында чечүүнү тиешелүү жетекчилерден талап кылды.