Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде быйыл Эгемендүүлүк күнү өлкөнүн түштүк аймагындагы Жалал-Абад шаарында чоң салтанат менен өткөрүлөт. Учурда бул маанилүү датага карата облуста даярдыктар кызуу жүрүп жатат. “Кабар” маалымат агенттиги майрамдык даярдыктардын жүрүшү жана ачылуу алдында турган ири объекттер тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен маектешти.

— Быйыл Эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абад шаарында белгилене турганы маалымдалган. Бул чоң салтанатка карата даярдыктар кандай?
— Быйыл Эгемендүүлүк күнүнүн башкы салтанаты Жалал-Абад шаарында өтмөкчү. Бизге чоң жоопкерчилик жана ишеним көрсөткөн өлкө башчысы Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз.

Учурда майрамга даярдыктар бардык багыттар боюнча кызуу жүрүп жатат. Шаарды көрктөндүрүү, көчөлөрдү тазалоо жана майрамдык жасалгалоо иштери уланууда. Коопсуздук чаралары да тийиштүү деңгээлде каралууда. Ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте концерттик жана маданий программалар даярдалууда.

Майрам күнү борбордук аянтта чоң салтанаттуу концерт өткөрүлөт. Мындан сырткары, жаштар үчүн алыш күрөш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндар, ар түрдүү маданий иш-чаралар жана спорттук мелдештер уюштурулат. Ошондой эле жарманкелер жана көргөзмөлөр өтөт. Бул иш-чарага өлкөнүн жети облусунан өкүлдөр катышат. Алар ар бири өз облусуна тиешелүү продукцияларды алып келип, атайын тигилген жети боз үйдө көрсөтмөлөрдү уюштурушат. Майрамдык салтанатка 30 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө. Учурда алардын тизмесин президенттин администрациясы түзүүдө. Бул тизмеге чет өлкөлөрдөн чакырылган сыйлуу коноктор да кирет. Кыргызстандын меймандостугуна жана тазалыгына суктанган коноктор алдында татыктуу түрдө өзүн көрсөтүү – ар бирибиздин жарандык парзыбыз. Ошондуктан коомдук тартипти сактап, шаарды таза кармап, маданияттуу жүрүм-турум менен айырмаланалы. 31-август күнү Эгемендүүлүк майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө салым кошолу.

— Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда канча социалдык объект пайдаланууга берилет?
— Быйыл Эгемендүүлүк алганыбызга 34 жыл толот экен. Ошондуктан быйылкы майрамга карата жалпы 34 жаңы социалдык объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда алардын басымдуу бөлүгүндө курулуш иштери аяктоо алдында турат. Тактап айтсам, 15 жаңы мектеп, 2 бала бакча жана 2 медициналык мекеме ачылат.

Алардын ичинде Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор жана №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты бар. Ошондой эле майрамдын алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы имараты ачылат. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Асман Резиденс-2” жана “Асман Резиденс-3” турак жай комплекси пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, ондон ашуун өндүрүштүк мекемелер ишке киргизилет. Алардын катарына төмөнкү ири объекттер кирет:
- “Тегене” көмүр кенин иштетүүчү ишкана;
- “Кара-Камыш” чакан гидроэлектрстанциясы;
- “Бай Талаа” экспорттук-логистикалык мал чарба борбору;
- Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы асфальт-бетон заводу;
- “ДиСиАй Кей Жи” ЖЧК - гипс өндүрүү жана кайра иштетүүчү завод;
- “Дружба” ЖЧК - бышык кыш чыгаруучу ишкана;
- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы ;
- Токтогул шаарындагы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн стадион;
- Жалал-Абад шаарындагы Бокс академиясы;
- “Аква Сервис” ААК — балык азыктарын кайра иштетүүчү цех;
- “Майлуу-Суу лампа заводу” ААК.
Бул объектилердин ишке берилиши менен облустагы миңдеген тургундардын жашоо шарттары кыйла жакшырмакчы. Мындан сырткары, жыл соңуна чейин 10дон ашуун мектеп, бир катар ишканалар пайдаланууга берилет.
— Учурда облуста кандай ири долбоорлор ишке ашырылып жатат?
— Учурда Жалал-Абад облусунда бир катар ири жана маанилүү долбоорлор жүзөгө ашууда. Алардын катарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу менен “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу бар. Аэропорттун курулушу эки жыл ичинде бүткөрүлөт деп пландалууда. Курулуш жүрүп жаткан аймактагы жашоочулардын үйлөрү мыйзам чегинде бузулуп, тиешелүү компенсациялар төлөнүп берилди.

Облус боюнча жети кабаттуу заманбап ооруканалардын курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, шаарда жана облустун башка аймактарында 11 миңден ашуун ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынууда.

Буга чейин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жети кабаттуу кошумча имараттын курулушу башталган. Ошондой эле 5 миң 200 орундуу Спорт сарайы салынып жатат. Быйыл 1 миң 200 орундуу Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын жаңы имаратынын курулушу да башталат. Муну менен катар музейдин курулушу да жүрүүдө.
Билим берүү жана кадр маселеси
Облустагы кадр тартыштыгы көйгөйүн чечүү максатында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетине алгачкы ирет 50 бюджеттик орун бөлүндү.

Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондой эле университетте 30дан ашык жаңы багыттар ачылып, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип жатат. Жергиликтүү жетекчилерге жаштарга темир жол, авиация, тил үйрөнүү, тейлөө жана так илимдер боюнча билим алуу үчүн шарт түзүү тапшырмасы берилген. Мисалы, Кытайдын темир жол адистерин даярдаган окуу жайы менен кызматташтык түзүлүп, тажрыйба алмашуу иштери жүрүп жатат – алардын мугалимдери бул жакка келип окутуп, биздин мугалимдер алар жакка барып билимин жогорулатып келишет.
Тейлөө тармагы жана туризм
Тейлөө тармагында да олуттуу иштер аткарылууда. Бул багытта адистер атайын окутулуп, сертификаттар берилүүдө. Эми бул сертификаты жок адамдар ресторан, кафе жана башка тейлөө мекемелеринде иштей албайт. Анткени Жалал-Абад облусу акырындык менен туризмдин чордонуна айланып бара жатат. Бирок, тилекке каршы, тейлөө маданияты азырынча начар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте тейлөө тармагын өнүктүрүү негизги максат болуп саналат.

Облуста туристтик кооз жерлер абдан көп. Маселен, Чаткал районундагы "Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнө" зыярат кылып келген адамдардын саны арбын. Бул аймакта A-frame тибиндеги эс алуу үйлөрү курулуп, инфраструктурасы жакшыртылып жатат. Бул иштер жакынкы күндөрү аяктайт.

Аксы районунда Падыша-Ата жана Сары-Челек аймактарында каналдын үстүнөн аркан жолдор курулууда. Жакында эле Кербен шаарында жаңы аэропорт ишке берилди. Туристтердин агымы артып жаткандыктан, азыркы учурда бул аэропорттогу каттамдарды көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.

Мурун абалы начар болгон Арстанбапка кетчү жолдор учурда кеңейтилип, оңдолду. Андан тышкары, чоң LED экран орнотулуп, анда туристтер үчүн Арстанбап тууралуу маалыматтар берилип жатат.
Энергетика жана социалдык инфраструктура
Энергетика тармагында да ири долбоорлор ишке ашууда. Жалал-Абад облусу – өлкө үчүн электр энергиясынын маанилүү булагы болуп саналат. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда 20дан ашык чакан ГЭСтердин курулушу жүрүүдө.

Аксы районунда эки ГЭС курулуп жатат, алардын бирөө 31-августта пайдаланууга берилет.Токтогул районунда дагы эки ГЭС курулууда, алардын бири жыл аягына чейин ишке берилет. Жалпысынан 20 ГЭСтин ичинен ону боюнча курулуш иштери активдүү жүрүүдө.