Эфиопияда поезд кырсыкка учурап, кеминде 14 адам каза тапты

Дүйнө 22 октябрь 2025 14:55
Эфиопияда поезд кырсыкка учурап, кеминде 14 адам каза тапты
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Эфиопиянын чыгыш тарабында поезд кырсыкка учурап, кеминде 14 адам каза болуп, ондогон жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун таңкы саат 02:00 чамасында болгон. Жүргүнчү ташыган поезд Жибути менен чек арага жакын жайгашкан Дэвеле шаарынан Дире Дава шаарына бараткан.

Кырсыктын себептери азырынча тактала элек, иликтөө иштери жүрүп жатат.