Эфиопияда Хайли Губби вулканы 10 миң жылдан бери биринчи жолу атылды

Дүйнө Загрузка... 25 Ноябрь 2025 09:00
519e63e4-a22c-4487-87d7-576a887d6aba.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Эфиопияда Хайли Губби вулканы 10 миң жылдан бери биринчи жолу атылды. Бул тууралуу Volcano Discovery агенттигине таянып, Известия билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, вулкандын күлү 15 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүүдө. Спутниктен алынган маалыматтар күкүрттүн диоксиди андан көп санда бөлүнүп чыгып жатканын көрсөткөн. Күл булуттары Жибути менен Йеменге, ошондой эле Иран, Пакистан жана Индиянын айрым аймактарына жылып баратканы кабарланат.

Окумуштуулардын айтымында, бул жанар тоону Африка суперплюму (жер алдындагы ысык магма) козгогон болушу мүмкүн.