Эфиопияда чиркөөнүн курулуш шатылары кулап, 36 адам каза болду

Дүйнө 2 октябрь 2025 10:10
Эфиопияда чиркөөнүн курулуш шатылары кулап, 36 адам каза болду
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Эфиопиянын Арерти айылында чиркөөнүн курулуш иштери жүрүп жаткан маалда орнотулган жыгач шатылары кулап түшүп, кеминде 36 адам каза болуп, 200дөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери учурунда орнотулган убактылуу шатылар зыяратчылар чиркөөгө чогулган учурда кулаган. Кырсык болгон учурда чиркөөдө көптөгөн динчилдер болгон.

Курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн, анткени урандылардын алдында калган адамдар болушу ыктымал. Учурда тийиштүү кызматтар издөө-куткаруу иштерин улантууда.