Байсалов Санкт-Петербургдагы Пискарев мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбар койду

Министрлер кабинети 11 Апрель 2025 16:35
67f8d195f3b3a-thumb.jpeg
67f8d195a96bf-thumb.jpeg
67f8d195c246e-thumb.jpeg
67f8d195c3235-thumb.jpeg
67f8d195d91f9-thumb.jpeg
67f8d195dae56-thumb.jpeg
67f8d1953d067-thumb.jpeg
67f8d1964f6a2-thumb.jpeg
67f8d1966c738-thumb.jpeg
67f8d19540a27-thumb.jpeg
67f8d19583a4e-thumb.jpeg
67f8d19669cb8-thumb.jpeg
67f8d19685ba8-thumb.jpeg
67f8d19686dc5-thumb.jpeg
67f8d1955895a-thumb.jpeg
67f8d1961818e-thumb.jpeg
67f8d19559499-thumb.jpeg
67f8d19634378-thumb.jpeg
67f8d19634612-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67f8d195f3b3a-thumb.jpeg
67f8d195a96bf-thumb.jpeg
67f8d195c246e-thumb.jpeg
67f8d195c3235-thumb.jpeg
67f8d195d91f9-thumb.jpeg
67f8d195dae56-thumb.jpeg
67f8d1953d067-thumb.jpeg
67f8d1964f6a2-thumb.jpeg
67f8d1966c738-thumb.jpeg
67f8d19540a27-thumb.jpeg
67f8d19583a4e-thumb.jpeg
67f8d19669cb8-thumb.jpeg
67f8d19685ba8-thumb.jpeg
67f8d19686dc5-thumb.jpeg
67f8d1955895a-thumb.jpeg
67f8d1961818e-thumb.jpeg
67f8d19559499-thumb.jpeg
67f8d19634378-thumb.jpeg
67f8d19634612-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Санкт-Петербург шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү “Мекен – эне” монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Өкмөттүк делегация Кыргызстандын министрлер кабинетинин атынан гүлчамбар коюп, курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.

Салтанат Улуу Ата Мекендик согуштун миллиондогон курмандыктарына, анын ичинде Ленинград блокадасында курман болгондорго терең ыраазычылык жана кайгыруу белгиси катары өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле Ленинград үчүн согушуп, шаарды коргоодо курман болгон Кыргыз Республикасынын баатыр жоокерлеринин урматына орнотулган мемориалдык тактанын жанында кыргызстандыктардын элесин эскерди. Ал эскерүүдө курман болгондордун элесине таазим этип, кыргыз элинин эрдиги Жеңиштин жана СССР элдеринин бир туугандыгынын жалпы тарыхында түбөлүккө жазылып калганын белгиледи.

Курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын эрдигин эскерүү үчүн Эдил Байсалов Пискаревдин мемориалынын эскерүү китебине жазуу калтырды. Ал өзүнүн жазуусунда мындай деп белгиледи:

“Курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын эрдиги, алардын укмуштуудай туруктуулугунун, кайраттуулугунун жана жан аябастыгынын аркасында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң көрүнүктүү жана каргашалуу барактардын бири болуп саналат. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо менен, биз алардын эрдигин жүрөгүбүздөн эскеребиз...”.