Ташкент, 29.04.25. /Кабар/. — Европа Биримдигинин Өзбекстандагы делегациясы кечээ жарандык коомду колдоого багытталган, жалпы суммасы 2,9 миллион еврого жакын беш жаңы долбоордун башталышын жарыялады, деп билдирет ЕБ дипмиссиясынын басма сөз кызматы.
ЕБин Өзбекстандагы элчиси Тойво Клаардын айтымында, бул демилгелер адилеттүүлүк, гендердик теңдик, маалыматтык жана санариптик укуктарды илгерилетүү максатын көздөйт.
"Активдүү жарандык коом — демократиялык жана туруктуу келечектин негизи. ЕБ бул жолдо ишенимдүү өнөктөш болууга сыймыктанат", — деп баса белгиледи ал.
Жаңы долбоорлор жарандардын саясий диалогго катышуусун, укуктук билимди жайылтууну, медиасабаттуулукту жана аялдардын укуктарын коргоону колдойт. Алардын катарында:
• EQUALITY — аялдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
• SHIELD — адам укуктарын жана укуктук билимди бекемдөө;
• Human Rights in Action — жаштар менен жарандык уюмдардын катышуусу аркылуу өзгөрүүлөрдү илгерилетүү;
• UDRMI — санарип укуктар жана медиа боюнча демилге;
• KAS — инклюзивдүү өнүгүү үчүн жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Эске салсак, долбоорлор Ташкентте, Каракалпакстанда, Наманганда, Самаркандда, Кашкадарьяда жана Сурхандарьяда ишке ашат.