ЕӨАК жыйыны: 13 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду

Министрлер кабинети 27 Март 2026 15:15
69c642585dddf.jpeg
69c642816014d-thumb.jpeg
69c64280ba0c1-thumb.jpeg
69c64281b7367-thumb.jpeg
69c64281eddaf-thumb.jpeg
69c64282a997f-thumb.jpeg
69c64282c5d35-thumb.jpeg
69c64283a3e3b-thumb.jpeg
69c64283cf9e7-thumb.jpeg
69c64284d8ad6-thumb.jpeg
69c64284d6126-thumb.jpeg
69c642585dddf-thumb.jpeg
69c642834d1cf-thumb.jpeg
69c642836af0d-thumb.jpeg
69c6428261a12-thumb.jpeg
69c64282137a5-thumb.jpeg
69c64284676a9-thumb.jpeg
69c642815274e-thumb.jpeg
69c642824023a-thumb.jpeg
69c6428194178-thumb.jpeg
69c6428564815-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69c642585dddf.jpeg
69c642816014d-thumb.jpeg
69c64280ba0c1-thumb.jpeg
69c64281b7367-thumb.jpeg
69c64281eddaf-thumb.jpeg
69c64282a997f-thumb.jpeg
69c64282c5d35-thumb.jpeg
69c64283a3e3b-thumb.jpeg
69c64283cf9e7-thumb.jpeg
69c64284d8ad6-thumb.jpeg
69c64284d6126-thumb.jpeg
69c642585dddf-thumb.jpeg
69c642834d1cf-thumb.jpeg
69c642836af0d-thumb.jpeg
69c6428261a12-thumb.jpeg
69c64282137a5-thumb.jpeg
69c64284676a9-thumb.jpeg
69c642815274e-thumb.jpeg
69c642824023a-thumb.jpeg
69c6428194178-thumb.jpeg
69c6428564815-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. 

Күн тартибине ондон ашуун маселе киргизилген жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьери, ошондой эле биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, алгач быйыл төрагалык кылып жаткан казак тарапка жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, биримдиктин акыркы беш жылдагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жана бир катар маселелерге токтолду. 

“2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылга карата ИДПнын өсүү темпи биримдикке мүчө мамлекеттердин баарында байкалган. Мамлекеттер ортосунда өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөн. Аны менен катар, акыркы беш жылда Кыргызстанда реалдуу экономикалык өсүш болду. Мунун баары биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун туура багыттарын аныктаганын көрсөтүп турат”, — деди минкаб төрагасы.

Өсүш көрсөткүчтөрү менен катар, биримдиктин айрым маселелерине токтолгон Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жөнүндөгү келишим эмгек миграциясы чөйрөсүндө макулдашылган саясатты ишке ашырууну жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылууну карарын билдирди.

“Кабыл алынган макулдашуулар жарандар үчүн бул сезимтал чөйрөдө улуттук жөнгө салуучу демилгелерди иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү жана бири-бири менен координациялоо толук камсыз кылынбай жатат. Комиссияга биздин өкмөттөр менен бирдикте миграциялык саясат боюнча ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде консультациялар үчүн туруктуу аянтча түзүү маселесин киргизүүнү сунуш кылам”, - деди ал.

Ал ошондой эле логистиканын натыйжалуулугун камсыз кылуу маселеси бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, санариптик чечимдер ачык-айкындуулукту камсыз кылып, логистиканын ылдамдыгын жогорулатат. Өзгөчө учурларда товарларды жеткирүү пункттарында контролдук чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле кошумча салыктык эсептөөлөр, анын ичинде товарларды конфискациялоо жана жок кылуу сыяктуу зарыл чаралар көрүлмөк.

Мындан тышкары, биримдик “Евразия экономикалык жол” өнүктүрүү декларациясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыра баштаганын, анын алкагында биримдиктин алдында дымактуу максаттар турганын, аны менен катар Кыргызстан маанилүү деп эсептеген бир катар маселелерди белгилеп өттү. 

“Санариптик трансформация, өнөр жай кооперациясы жана инновациялар биримдиктин өнүгүүсүндөгү үч маанилүү багыт. Бүгүнкү күндө биримдиктин алкагында биз заманбап инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, ченемдик укуктук базаны жакшыртууга тийишпиз. Кабыл алган чечимдерибиз биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы жарандары үчүн сезилерлик натыйжа берерине ишенем”, - деди Адылбек Касымалиев.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарында жалпы 13 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүү чечими кабыл алынды.