ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы байкалууда

Аналитика Загрузка... 30 Октябрь 2025 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Кыргызстанда баанын өсүшү 0,4 пайыз деп белгиленди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

akchalar1.jpg

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайыз) Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө чөйрөсүндө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча инфляциянын деңгээли (2025-ж.сентябрь)

WhatsApp Image 2025-08-11 at 06.03.55 (7).jpeg

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты

Кыргызстанда инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 6,2%ды, жылдык мааниде – 8,4 пайызды түзгөн. Кыргызстандын экономикасынын өсүш арымынын жогору болушу өлкөдөгү керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен шартталган – 2025-жылдын тогуз айында реалдуу ИДП 10 пайызга өстү. Өлкө экономикасында негизги капиталга инвестициялар негизинен ички каржылоо булактарын кеңейтүүнүн натыйжасында көбөйгөн, натыйжада курулуш секторунун өсүшүнө олуттуу салым кошкон. Мында активдүү фискалдык саясаттын жыйынтыгында калктын кирешелеринин көбөйүшү, ошондой эле өлкөгө акча которуулардын агымынын өсүшү ички суроо-талаптын жогорулашынын негизги факторлору бойдон калууда.

img.jpg

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан акча-кредит шарттары өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоого өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат. Тышкы чөйрө дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшүнө жана глобалдык экономиканын бытырандылыгына байланыштуу геосаясий тобокелдиктердин жогорулашы алкагында жогорку деңгээлдеги белгисиздик менен мүнөздөлөт, бул энергоресурстарга жана азык-түлүккө дүйнөлүк баанын туруксуздугуна алып келет жана бул өз кезегинде ички бааларга да таасирин тийгизет. Мында керектөө суроо-талабынын жогорулашынын жана тарифтик саясатты пландуу кайра кароонун өлкөдөгү инфляция деңгээлине тийгизген таасири күтүүлөрдүн чегинде орточо деңгээлде бааланат.

Бул шарттарда инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү 27-октябрда 10 пайызга чейин жогорулатылды. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасынын 5-7 пайыз максаттуу диапазонунда калыптанышына өбөлгө түзөт деп белгиленүүдө.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана инфляциянын түптөлгөн тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн экени айтылды.

1050869586_0_0_3068_x04QVmU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Айлык акылардын өзгөрүшү

Реалдуу эмгек акынын эң чоң өсүшү Кыргызстан менен Беларуста байкалууда. Бул өлкөлөрдө кирешелер инфляцияга караганда тезирээк өсүп жатканын көрсөтүп жатат. Буга байланыштуу сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулоодо. Казакстанда реалдуу эмгек акынын өсүшү эң аз болуп, 100,3 пайызга өстү, бул инфляция номиналдык кирешенин өсүшүнүн дээрлик бардыгын өзүнө сиңирип алганын, сатып алуу жөндөмү дээрлик өзгөрбөгөнүн көрсөттү.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө орточо айлык акынын жогорулашы

Кыргызстан - 111,5%;

Беларусь – 111%;

Россия - 104,1%;

Армения - 102,4%;

Казакстан - 100,3%.

Пенсиянын жогорулашы

Кыргызстан пенсияны да көтөрүүгө көңүл бурууда. 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18 пайызга, бирок 1 000 сомдон кем эмес жогорулатылды. Көбөйүү орточо эмгек акынын жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индексинин өсүшүнө байланыштуу, ошондой эле пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоого багытталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 11 226 сомду түзөт жана жогорулатуу 818 миңден ашуун пенсионерди камтыды. Эң аз пенсия былтыр 6 миң 900 сом болсо, быйыл 7 миң 200 сомду түзөт.

2438041.d00c522c1128128e91391e40de8bdcab.jpg

Социалдык фонддон белгилешкендей, мамлекет пенсияларды мындан ары дагы көтөрүүнү караштырууда, ошондой эле пенсионерлердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүдө. Он жылдан ашык убакыттан бери пенсиялык система каржылык жактан туруктуу жана пенсионерлерге татыктуу колдоо көрсөтүп келет. Пенсионерлер өлкө калкынын 11 пайызынан бир аз көбүрөөгүн түзөт, ал эми карылык боюнча пенсиялык камсыздоо системасы пенсия курагынан өткөн дээрлик бардык адамдарды камтыйт, мында орточо пенсия пенсионерлер үчүн иш жүзүндөгү жашоо минимумунан дээрлик 1,5 эсеге жогору. Пенсиялык чыгымдар ИДПнын болжол менен 8 пайызын түзөт, бул жан башына кирешеси окшош өлкөлөр үчүн жогорку көрсөткүч болуп саналат.

3105755.dfc9c3e96a70b917dcf4427953416139.jpg

Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү инфляциянын деңгээлине жүргүзүлгөн мониторингине ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө жылдык инфляция 2024-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Арменияда 1,5%, Беларусь – 5,2%, Казакстан – 8,6%, Кыргызстан – 6,3%, Россия – 9,5%ды түзгөн.

Биримдиктеги бардык өлкөлөрдө 2025-жылдын июнь айында 2024-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу инфляциялык басым жогорулаган.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү керектөө бааларынын өсүшү

  • Армения - 3,9% (2024-ж. июнь – 3,1%),
  • Беларусь – 7,3% (5,8%),
  • Казакстан – 11,8% (8,4%),
  • Кыргызстан – 8,0% (4,5%),
  • Россия – 9,4% (8,6%).

ЕАЭБде инфляциянын орточо деңгээли 2025-жылдын июнь айында 9,4 %га чейин жогорулаган. Ал эми өткөн жылдын июнь айында бул көрсөткүч 8,2%ды түзгөн.

f9908249ed9a0a1bb3918d060ea62c40.jpeg

ЕАЭБдин бир катар өлкөлөрүндө инфляциялык процесстердин тездешине бир катар факторлор таасир тийгизген. Биринчиден, азык-түлүк рыногундагы дүйнөлүк баалардын өсүшү. Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баа индекси 2025-жылдын 2-кварталда 2024-жылдын 2-кварталына салыштырмалуу 6,3%га жогорулаган, бул эт, сүт азыктары жана өсүмдүк майларынын бааларынын өсүү темпинин жогорулашына байланыштуу болгон. Экинчи жагынан керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын күчөшү жана калктын инфляциялык күтүүлөрүнүн жогорулашын айтсак болот. Үчүнчүдөн, керектөө бааларынын өсүшүнүн кармалып турушуна ЕАЭБдеги көпчүлүк өлкөлөрдө улуттук валютанын бекемделиши таасир тийгизген. Ошондой эле баалардын өсүшүн чектөө боюнча өкмөттөрдүн чаралары жана борбордук (улуттук) банктар тарабынан акча-кредит шарттарын сактоо чектөөчү таасирин тийгизди.

Биримдиктеги көпчүлүк өлкөлөрдө азык-түлүк инфляциясы жылдык инфляциянын динамикасына негизги салым кошкон. 2025-жылдын июнь айында 2024-жылдын июнь айына салыштырмалуу азык-түлүк бааларынын өсүү темпи тездеген: Арменияда – 6,2%, Беларуста – 10,5%, Кыргызстанда – 9,9% жана Россияда – 11,9%, Казакстанда – 10,6%ды түзгөн.

3689216.bdd605665c3c9e5905a7cba834fae359.jpg

Уй эти, балык, өсүмдүк жана мал майы, сүт азыктары, нан азыктары, кондитердик азыктар жана жашылчалардын бааларынын жогорулашы байкалган. Ошол эле учурда, айрым товарлардын бааларынын жакшырганы байкалган – жумуртка, тоок эти, кант (Беларусь жана Казакстандан тышкары), ун (Армениядан тышкары) жана дан эгиндери (Беларустан тышкары).

Биримдиктеги өлкөлөрдө азык-түлүк эмес инфляция ар башка динамиканы көрсөткөн. 2025-жылдын июнь айында 2024-жылдын июнь айына салыштырмалуу жылдык азык-түлүк эмес инфляция Беларуста 3,2%га, Кыргызстанда 5,5%га жана Россияда 4,5%га чейин басаңдаган. Арменияда дефляция байкалган (-0,2%). Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын инфляциясы Казакстанда тездеген (9,4%).

BzwkArf2V8xgbOculu8bTiX2aWsDayRG9jLvaSJn.webp

Жалпысынан алганда, биримдиктин өлкөлөрүндө азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын өсүшүнүн басаңдашы төмөнкү товарлардын категорияларында байкалган: кийим-кече, бут кийим, эмерек, телерадио жабдуулары, электр товарлары (Беларусь жана Казакстандан тышкары), жеңил унаалар (Казакстандан тышкары) жана синтетикалык жуучу каражаттар (Казакстандан тышкары).

Биримдиктеги өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүлөрдөгү инфляциянын тездеши негизинен коммуналдык, санаторий-курорттук, жүргүнчүлөрдү ташуу (Кыргызстандан тышкары) жана билим берүү кызматтарынын (Беларусь жана Казакстандан тышкары) бааларынын өсүшүнө байланыштуу болгон.