Эң керектүү дары-дармектер алынып келе баштады – министр

Ден соолук Загрузка... 05 Февраль 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 12.35.17.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Эң керектүү дары-дармектер өлкөгө алынып келе баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо мнистри Каныбек Досмамбетов парламенттин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, жаңы жеткирүүлөр аркылуу дарыларга болгон муктаждык толук чечилет.

“Кыргызфармация” ишканасы 2025-жылы өлкөгө алып келе турган дарылар боюнча былтыр декабрдын аягында келишим түзүп, буюртма берилген. Январдын аягы февралдын башы менен дары-дармектер келип баштады. Эң керектүү дарыларга болгон муктаждык 1-кварталда толугу менен жабылат”, - деди министр.