Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Дубайда электромобилдер жүрүүчү ири соода борбору курулат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, анын курулушу үч жылдан кийин башталат.
Gulf News маалыматы боюнча, комплекстин аянты 2,6 миллион чарчы метрди түзөт. Дубайдын борборунан үч эсе чоң болот.
Dubai Square Mall жөн гана ири соода аянты эмес, коноктор электр унаалары менен жолдордо жүрө турган жабык шаар болот.
Emaar Properties курулуш компаниясы белгилегендей, долбоор 180 миллиард дирхамга бааланган.