Дубайда 82 кабат мейманкана курулду

Дүйнө Загрузка... 18 Сентябрь 2025 09:15
bb4f2a82-3aba-4cc7-a2e0-ac348aed075a.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Дубайдын Марина районундагы бийиктиги 377 метр болгон Ciel Dubai Marina 82 кабаттуу мейманканасы ноябрь айында ачылат. Бул тууралуу Известия агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, ал дүйнөдөгү эң бийик мейманкана болуп, шаардыктардын жаңы символуна айланат.

Буга чейин бийиктиги 356 метр болгон Gevora - эң бийик мейманканалардын бири болгондугу айтылат.