Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Дубайда биринчи коммерциялык аба такси кызматын ишке киргизүү 2026-жылга пландалууда. Бул үчүн атайын учуп-конуучу жайлар курулуп жатат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, америкалык Joby Aviation Inc. компаниясы Uber менен биргеликте аба такси кызматын баштоону көздөөдө. Компания электр менен иштеген алты пропеллери бар, төрт жүргүнчү бата турган жана саатына 320 чакырым ылдамдыкка жеткен чакан учуучу аппаратты 16 жылда иштеп чыккан.
NBC телеканалы жазгандай, аба таксинин баасы Uber’дин эң кымбат тарифи Uber Black деңгээлинде болот.
Ага буйрутма берүү кадимки такси кызматындай эле жүргүзүлөт. Бирок, бул учуучу унаалар атайын вертипорттордон гана уча алат. Ал жерге кадимки Uber такси аркылуу жетүүгө болот.
Дубайда азырынча төрт вертипорт курулуп жатат. Анын бири Аль-Мактум эл аралык аэропортунда жайгашкан. Бул аэропорттон Дубайдын борборуна жетүүчү 45 мүнөттүк жол аба такси менен болгону 10 мүнөттө өтөт.