Тамеки жыл сайын 8 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алууда — ДССУ

Ден соолук Загрузка... 28 Май 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнгө карата “Азгырыкты ашкерелейбиз — никотин жана тамеки көз карандылыгына каршы турабыз!” урааны алдында “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын өткөрдү.

Белгилүү болгондой, бул эл аралык демилгенин максаты тамеки жана никотин продукцияларынын зыяндуулугуна коомчулуктун көңүлүн буруу жана калктын ден соолугун коргоо боюнча саясатты күчөтүү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин кесепетинен 8 миллиондон ашык адам каза болот. Анын ичинде болжол менен 1,2 млн адам — өздөрү тамеки чекпесе да, тамеки түтүнүнүн таасирине дуушар болушаары маалымдалды.

Адистер белгилегендей, бүгүнкү күндө тамеки жана никотин өндүрүүчү компаниялар жаштар арасында никотин продукциялары “коопсуз”, “модалуу” жана “заманбап” деген жалган түшүнүктү калыптандыруу үчүн маркетингдик жана психологиялык ыкмаларды активдүү колдонушууда. Айрыкча бул көрүнүш өспүрүмдөр арасында кооптонууларды жаратууда.

Кыргызстанда тамекиге каршы мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдар ишке ашырылууда. Жыйындын жүрүшүндө эртең, 29-майда Бишкекте тамекиге каршы мыйзамдарынын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, медициналык коомчулуктун жана кесиптик медициналык ассоциациялардын катышуусунда тармактар аралык кеңешме өтөрү кабарланды.

Белгилей кетсек, 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн. Ал 1987-жылы негизделген жана коомчулукту тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалымдоого багытталган.