Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясынын талаптарына дал келген тамекиге каршы заманбап мыйзамды кабыл алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско билдирди.
Бирок, анын айтымында, мыйзамдын ченемдери менен анын иш жүзүндө аткарылышынын ортосунда дагы деле чоң ажырым сакталып келет.
“Эң негизги көйгөйлөрдүн бири — никотин продукцияларынын жашы жете электерге эркин сатылып жатышы. Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 87 пайызы дүкөндөр менен соода-күркөлөрдөн никотин товарларын эч кандай тоскоолдуксуз сатып ала алышат. ДССУ мыйзамдык жөнгө салууга жетишпей жаткан жаңы никотин продукцияларынын тез жайылып жатышына тынчсызданат. Кеп курамында коркунучтуу химиялык заттар бар синтетикалык никотин, никподдор жана никотинсиз суюктуктар жөнүндө болуп жатат”, - деди ал.
ДССУ өкүлү дагы бир олуттуу көйгөй катары интернеттеги агрессивдүү санариптик маркетингди атады.
“Бул индустрия TikTok, Instagram жана башка социалдык тармактарга кирди. Балдар ал жерден рак оорусу тууралуу эскертүүлөрдү эмес, кооз сүрөттөрдү жана иш жүзүндө ууну жарнамалап жаткан блогерлерди көрүшүүдө”, - деп белгиледи Ведраско.
Андан тышкары, Ведраско насвай көйгөйүнө өзгөчө токтолду. Анын айтымында, Кыргызстандын айрым аймактарында, анын ичинде Баткен облусунда насвай өндүрүү жана аны жайылтуу дагы деле уланууда. Ал өз сөзүндө насвай ичеги-карын жана ооз көңдөйүнүн онкологиялык ооруларына чалдыгуу коркунучун кескин жогорулатарын белгиледи.
Буга байланыштуу ДССУ Кыргызстанга никотин продукцияларынын жашы жете электерге сатылышына көзөмөлдү күчөтүү, синтетикалык никотин үчүн мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюу, даам берүүчү кошулмаларга тыюу салуу, никотинге болгон көз карандылыкты дарылоо программаларын кеңейтүү жана тамекиге каршы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү катаалдаштыруу боюнча бир катар сунуштарды берди.
Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, салык жана бажы органдары, ошондой эле билим берүү тутумунун ортосунда биргелешкен реалдуу иш-аракеттер болбосо, заманбап мыйзам да кагаз жүзүндө гана калышы мүмкүн экендиги кошумчаланды.