Дрейка кысыгында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 22 август 2025 10:20
Дрейка кысыгында  күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Түштүк Америка менен Антарктиданын ортосундагы Дрейка кысыгында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Аргентинанын Тьерра-дель-Фуэго аралындагы Толуин шаарынан түндүк-батышты карай 722 чакырым алыстыкта жана 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

"Бул жер титирөө аймакта кыйратуучу цунамиге алып келиши мүмкүн", - деп айтылат эскертүүдө.