Бишкектин Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 16:25
WhatsApp_Image_2026_1HeCuth.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районундагы Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап мектеп салынууда. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот.

Мектептин курулушу министр Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, куруучулар эки нөөмөт менен иш алып барууда. Учурда мектептин үчүнчү кабатынын колонналары орнотулууда.