Досмамбетов Москванын алдыңкы медборборлорунун иши менен таанышты

Ден соолук 09 Февраль 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.40 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.40 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.40 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-09 at 17.20.37.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Москвадагы алдыңкы медициналык жана билим берүү мекемелерине барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын максаты — кадрларды даярдоо, жогорку технологиялуу диагностика жана дарылоо ыкмаларын изилдөө болду.

Кыргыз делегациясы И. Сеченов атындагы университетте дарыгерлерди даярдоо тутуму жана заманбап инфраструктура менен таанышты. Неврология борборунда телемедицина жана Da Vinci роботу аркылуу жасалган операцияларга күбө болушту. Министр мындай санариптик ыкмалар медицинанын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн арттырарын белгиледи.

В. Кулаков атындагы борбордо эне жана баланын ден соолугун сактоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды. Министр белгилегендей, мындай тажрыйба алмашуу өлкөдөгү энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга шарт түзөт.

Ошондой эле делегация жеке клиникалардын мисалында онкологиялык кызматты уюштуруу, санариптик башкаруу жана балдар реабилитациясынын ишин изилдешти.