Досбол Нур уулу: Чечилбей келген 100 жылдык маселеге чекит коюлду

Пикир Загрузка... 13 Март 2025 18:15
WhatsApp Image 2025-03-13 at 15.15.01.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Чечилбей келген 100 жылдык маселеге чекит коюлду. Мындай пикирин коомдук ишмер Досбол Нур уулу билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселеси Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле чыккан жок, бул маселе 100 жылдан бери такталбай келген көйгөй болчу.

“Чек ара маселесинин чечилиши акыркы үч жылдан берки Камчыбек Ташиев жетектеген комиссиянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы деп эсептейм. Бул өтө татаал маселе. Комиссияда 1990-жылдардын башында Аскар Акаев жаңыдан президент болгон кезде биз кызмат өтөгөнбүз. Андан бери чыр-чатактын чечилбей ырбап келе жатканына 100 жыл болду. 100 жылдык чек ара маселеси мына бүгүн чечилди. Кыргыз эли маселе кандай чечилсе да ыраазы болушу керек. Жалпысынан чек ара маселеси абдан туура чечилди. Буга чекит эбак эле коюлушу керек эле. Анткени, мамлекеттин атрибутунун эң негизгиси чек ара. Чек арасы жок мамлекет ал мамлекет деп эсептелинбейт”,-деди ал.