Кыргызстан менен DCO билим берүү системасын санариптештирүүнүн келечегин талкуулады

Билим 04 Ноябрь 2025 17:24
574558201_1270680695105672_5042860464671705158_n.jpg
574049863_1270680701772338_3969233171364519700_n.jpg
574044806_1270680705105671_3290302971462351700_n.jpg
Алдыга
Артка
574558201_1270680695105672_5042860464671705158_n.jpg
574049863_1270680701772338_3969233171364519700_n.jpg
574044806_1270680705105671_3290302971462351700_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Санариптик кызматташтык уюмунун (DCO) көп тараптуу маселелер боюнча атайын өкүлү Хассан Нассер менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу 4-6-ноябрь күндөрү Катардын Доха шаарында өтүп жаткан II дүйнөлүк социалдык өнүктүрүү саммитине катышуунун алкагында өтүп, ага министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева дагы катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы билим берүү системасын санариптештирүү, электрондук окутуу платформаларын өнүктүрүү жана окуучулар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн чыңдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Агартуу министри санариптик трансформация «Алтын Казык» улуттук программасынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, анын алкагында электрондук платформалар, санариптик билим берүү ресурстары киргизилип, мугалимдер менен окуучулардын санариптик компетенциялары калыптанып жатканын айтты.

Маалымат үчүн: Санариптик кызматташтык уюму (Digital Cooperation Organization, DCO) — глобалдык көп тараптуу уюм. Уюмдун миссиясы — ар бир адам үчүн санариптик өнүгүүгө жеткиликтүүлүктү камсыздоо. DCO туруктуу жана инклюзивдүү санариптик экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүү багытындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана санариптик доордун тез өзгөрүп жаткан чакырыктарына жооп берүүгө багытталган.