Догдуркүл Кендирбаева: Күчтүү мугалим гана күчтүү өлкөнүн негизин түптөй алат

Билим 4 октябрь 2025 12:06
Догдуркүл Кендирбаева: Күчтүү мугалим гана күчтүү өлкөнүн негизин түптөй алат
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Күчтүү мугалим гана күчтүү өлкөнүн негизин түптөй алат. Мындай пикирин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Министрдин айтымында, мугалим бул жөн гана кесип эмес, бул тагдыр, элге кызмат кылуунун ыйык миссиясы.

"Даанышмандардын сөзү менен айтканда, мугалимдин эмгеги — мамлекеттин келечегин калыптандырган түбөлүктүү таяныч жана алтын багыт. Мен сиздердин эмгегиңиздердин алдында терең таазим кылам жана өлкөбүздөгү ар бир мугалимге терең урмат-сыйымды билдирем",— деди министр.