Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн түз эфирдеги кайрылуусунда билдирди.
Президент өз сөзүндө белгилегендей, Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки 30 жыл аралыгында үч жолу төңкөрүш болуп, алардын баары шайлоолордон улам чыккан.
“Үч жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген.
Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар.
“Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт”,-деди ал.
Муну менен катар ал, добуш сатып алып депутат болгон адам эч качан эл же мамлекет үчүн иштебей турганын баса белгиледи.
“ Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр”,-деген өлкө башчы.