Дүйнөнүн алдыңкы клиникаларында иштеген кыргыз адистери тажрыйбалары менен бөлүштү

Ден соолук 26 Январь 2026 15:55
618380656_911302677963768_283966511058995621_n.jpg
618442026_911302664630436_3680317247702105795_n.jpg
618716473_911302604630442_2742468458735685542_n.jpg
619351441_911302687963767_2103135939452287687_n.jpg
621834807_911302581297111_9096305390087422652_n.jpg
622355693_911302627963773_5169321992217960767_n.jpg
622514927_911302694630433_17473636319247363_n.jpg
Алдыга
Артка
618380656_911302677963768_283966511058995621_n.jpg
618442026_911302664630436_3680317247702105795_n.jpg
618716473_911302604630442_2742468458735685542_n.jpg
619351441_911302687963767_2103135939452287687_n.jpg
621834807_911302581297111_9096305390087422652_n.jpg
622355693_911302627963773_5169321992217960767_n.jpg
622514927_911302694630433_17473636319247363_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Темирбек Эркинов Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка мамлекеттерде медицина тармагында иштеп жаткан кыргыз адистери менен онлайн-жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинадагы эл аралык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештердин улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду.

Талкууда адистер дүйнөлүк тажрыйбалары менен бөлүшүп, медицинаны өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды беришти. Атап айтканда, заманбап технологияларды (NGS-диагностика, бронхоскопия) киргизүү, санариптештирүү, онкология, трансплантология жана башка тармактарды жакшыртуу, ошондой эле дарыгерлерди окутууну жөнөкөйлөтүү маселелери көтөрүлдү.

Сунуштардын негизги бөлүгү кадр маселесине арналды. Катышуучулар кыргыз адистерин окутууга, стажировкаларды уюштурууга жана тажрыйбалуу профессорлорду мастер-класстарга тартууга көмөктөшүүгө даярдыгын билдиришти. Ошондой эле адистердин өлкөгө кайтып келиши үчүн шарт түзүү жана долбоорлорго катышуусу талкууланды.

Министрликтин өкүлдөрү чет жактагы адистерди маанилүү ресурс катары атап, тажрыйба алмашуу үчүн системалуу аянтчалар түзүлөрүн билдиришти. Бул максатта офлайн жана онлайн-жолугушууларды өткөрүү, Миррахимов окууларына катыштыруу, ошондой эле санариптик жана кадрдык реформаларга тартуу маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда Бакытбек Кадыралиев мамлекет чет өлкөдөгү адистер менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ал кадр тартыштыгын чечүү үчүн алдыңкы тажрыйбаны жана технологияларды тартууга багытталган практикалык чечимдер изделерин баса белгиледи.