Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 24 Ноябрь 2025 09:00
16d79ed7-c4a8-402d-b56e-009109e2bc3b.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Лондон жана Нью-Йорк биржаларында мунайдын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лондондогу ICE биржасында Brent маркасындагы чийки мунайдын бир баррелинин баасы 0,76 долларга арзандап, 62,62 долларды түзгөн.

Ал эми Нью-Йорктогу NYMEX биржасында жеңил мунайдын бир баррели 0,79 долларга төмөндөп, 58,21 доллар болгон.