Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайра жогорулады

Дүйнө 2 октябрь 2026 09:30
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайра жогорулады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Мунайдын баасы дүйнөлүк рынокто туруктуу түрдө жогорулады. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайынын баасы 3,51 долларга (3,58%) жогорулап, бир баррелине 101,54 долларды түздү.

NYMEX биржасында WTI мунайынын баасы 2,20 долларга (2,43%) жогорулап, бир баррелине 92,62 долларды түздү.