Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкө катышат

Көчмөндөр оюндары-2026 7008 06 Февраль 2026 17:52
628152419_122202091238341273_8877652021258765461_n.jpg
626410837_122202090734341273_5180094771725071864_n.jpg
627776648_122202090620341273_6929077675288177410_n.jpg
627978133_122202090740341273_8390378955759339049_n.jpg
628350948_122202091562341273_6886272615347493573_n.jpg
629398469_122202091124341273_6278722514346998802_n.jpg
629889679_122202090608341273_2618184965652629211_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдиргенин аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды.

Маданий оюндардын байге фондуна 4 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрү айтылды.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, даярдык иштерин күчөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык шарттарды түзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошмокчу.