Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - жандуу тарых жана маданияттардын жуурулушу

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 24 Март 2026 18:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кең талааны чаң каптап, чабандестер шамалдай ылдамдыкта бара жатышат... Алардын артында дем берип турган он миңдеген көрүүчүлөр. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген коноктор бул көрүнүшкө күбө болуп, алдыда дагы көп кызыктар күтүп турат. Бул жөн гана мелдеш эмес, кылымдардан бери сакталып келген көчмөндөрдүн жандуу тарыхы.

Дал ушундай атмосферада өтүп келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизделгенине быйыл 12 жыл толот. Учурда ал кайрадан дүйнөнүн көңүл чордонунда турат. Быйыл дүйнө VI оюндарга күбө болууга даярданып жатат. Өткөрүүчү тарап — Кыргызстан бул ири иш-чарага кызуу даярдык көрүп, катышуучу өлкөлөр да өз камылгаларын активдүү жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары деген эмне?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (World Nomad Games) көчмөн элдердин улуттук оюндарын жана маданиятын дүйнөлүк деңгээлде бириктирген эл аралык иш-чара.

Анын өзгөчөлүгү — унутта калып бараткан салттарды жандандырып, өлкөлөрдү бир максаттын алдында бириктире алганында. Бул иш-чара көчмөн цивилизациясынын мурастарын сактоого жана аны дүйнөгө таанытууга багытталган. Атап айтканда, бир аянтчадан көчмөндөрдүн дүйнөсүн көрүп кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Андан сырткары, анын мамлекеттердин башын бириктирүү жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү тараптары да бар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары төмөндөгүдөй баага татыган:

  • БУУ тарабынан маданияттар аралык диалогдун натыйжалуу куралы катары таанылган;
  • Эл аралык спорт федерациялары жана маданий институциялар тарабынан колдоого алынган;
  • Глобалдык туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибине киргизилген;
  • ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Оюндардын мазмунун ат оюндары, күрөштүн улуттук түрлөрү, интеллектуалдык жана улуттук оюндар түзөт. Ошондой эле анын алкагында эл аралык илимий конференциялар, симпозиумдар, маданий программалар, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү, искусство жана мода дүйнөсүнө таандык иш-чаралар өтүп турат.

Оюндардын келип чыгышы жана демилгеси

2012-жылы Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын катышуусунда түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп, анын жыйынтыгында "Бишкек декларациясына" кол коюлган. Дал ушул декларация Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө негиз болуп, демилге Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн.

Мунун негизинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгач ирет 2014-жылы 9–14-сентябрь күндөрү Кыргызстанда өткөрүлүп, ага 19 өлкөдөн спорттун 14 түрү боюнча 583 спортчу катышкан.

Оюндардын ачылышы менен жабылышы Чолпон-Ата шаарында өтүп, Кырчын жайлоосунда этношаарча курулуп, коноктор маданий иш-чараларга, анын ичинде айтыш өнөрүнө, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө жана этнобазарга күбө болушкан. Андан сырткары, илимий конференциялар жана симпозиумдар өткөрүлгөн.

Ошондой эле анда 1600дөй ыктыярчы кызматта болуп, оюндун маданий бөлүгүнө 1200 адам өнөрүн тартуулаган. Иш-чарага жалпысынан 45 миңдей адам катышып, аны 250дөн ашуун ЖМК өкүлдөрү чагылдырган.

Катышуучулар алыш, аламан байге, жорго салыш, көк бөрү, кунан чабыш, кыргыз жана казак күрөшү, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар боюнча жарышкан.

Алгачкы үч оюн Кыргызстанда өткөн

2014-жылдагы алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын улай экинчи (2016) жана үчүнчү (2018) оюндар дагы Кыргызстанда өткөн.

Атап айтканда, 2016-жылдын 3–8-сентябрында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага спорттун 23 түрү боюнча 1200 спортчу жана машыктыруучу катышкан. Бул жолу катышуучу өлкөлөрдүн саны 62ни түзүп, биринчи оюндарга салыштырмалуу үч эсе көп болгон. Алардын арасынан 17 өлкө маданий программаларын тартуулашкан. Андан сырткары, оюн түрлөрү да көбөйүп, бул жолу аны чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнүн саны дагы 650дөн ашкан.

Көчмөн элдердин жашоо-турмушун, күрөшүү өнөрүн, аңчылыгын жана акыл-эс маданиятын чагылдырган "жерит" (ат үстүндө найза ыргытуу), таяк тартыш, "гореш" (түрк элдерине таандык күрөш түрү), "гюлеш" (майланган дене менен өткөрүлгөн түрк күрөшү), аба күрөшү (ат үстүндө күрөшүү), жааны жөө, ат үстүндө жана алыскы аралыкка атуу, бүркүт салуу, далба ойнотуу (жипке байланган нерсени айлантып, аны башкаруу өнөрү), тайган жарыш жана "мангала" (стол үстүндөгү логикалык оюн) сыяктуу улуттук оюндардын түрлөрү кирген.

Ошондой эле бул жолку оюн долбоордун масштабынын пайдубалын бекемдеп, анын глобалдык эл аралык платформа болушуна негиз болгон.

Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылы 2–8-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Мында катышуучу өлкөлөрдүн саны 80ге жеткен. Эки миңдей спортчу спорттун 37 түрү боюнча катышкан.

Дагы кошумча кол күрөш, "монгол бох" (монгол күрөшү), "вари", "пахлавани" (Иран күрөштөрү), салттуу жаа атуунун үч түрү, самбо, "сирым" (Түштүк Корея күрөшү), сумо сыяктуу оюндар кирген.

Оюндарды утурлай 45тен ашуун өлкөнүн окумуштууларынын башын бириктирген "Элдик оюндар, жөрөлгө жана каада-салттар" аталышындагы эл аралык алтай таануучулук конференциясы өткөрүлгөн. Бул оюндар чечүүчү ролду ойноп, мындан аркыларын башка өлкөлөрдө өткөрүү чечими кабыл алынган. Ошентип, кийинки өткөрүүчү өлкө катары Түркия бекитилген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башка өлкөлөрдө өткөрүлүшү

Ошентип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү вазийпасы Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар 2022-жылы 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник жана Бурса шаарларында өтүп, ага 102 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Спорттун 40 түрү боюнча 3 миң адам күч сынашкан. Ошондой эле иш-чарага 150 миңдей көрүүчү күбө болгон.

Негизи оюндар 2020-жылы өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган. Андан кийинки оюндарды өткөрүү кезеги Казакстанга берилген.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2024-жылы 8–13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн. Анда 89 өлкөдөн спорттун 21 түрү боюнча 2800 спортчу катышкан. Бул жолу катышуучулардын демилгеси менен аялдар категориясы боюнча да оюндар киргизилген.

"Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында жүздөн ашуун маданий программа жана "Көчмөндөр: тарых, билим жана сабактар" аттуу эл аралык конференция өткөн.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарында курулуп жаткан 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек арена" стадионунда өтүп, иш-чара Ысык-Көл облусунда уланат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденовдун айтымында, оюнга катышуу үчүн 100 өлкөгө чакыруу кагазы жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 50гө жакын өлкөдөн катышарын билдирген каттар келген. Жалпысынан 90дон ашык өлкөнү кабыл алуу мерчемделүүдө. Ошондой эле чет өлкөлүк 400 ЖМК өкүлүнүн келиши күтүлүүдө.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 5 ай убакыт калды. Апрель айында уюштуруу иштери жыйынтыкталат. 1-майдан тарта эл аралык катышуучуларды аралыктан аккредитациялоо башталып, 1-июлда аяктайт. Уюштуруу комитети ишинин финалдык этабына өтүп, күн жылышы менен инфраструктураны оңдоп-түзөө жумуштарына киришебиз. Көчмөндөр оюндарынын жүрөгү болгон Кырчын жайлоосунда этношаарча салынат. Азыркы күндө режиссердук топ, архитекторлор жана курулушчулар ишке даярданып, аба ырайынын жылышы менен ишти баштоо алдында турат. Ачылыш жана жабылыш аземине гана билеттер сатылып, алар апрель айында онлайн форматта жеткиликтүү болот. Калган оюн жана маданий программалар туристтер жана жергиликтүү көрүүчүлөр үчүн акысыз болот", — деди Нурсултан Аденов.

Белгилей кетсек, быйылкы оюндар спорттун 43 түрү боюнча өтөт. Ага азырынча казак элинин "көк пар" оюну жана Якутиянын "хапсагай" улуттук күрөшү кошулган. Алдыда башка дагы федерациялар менен келишимдердин түзүлүшү күтүлүүдө.

VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтөрү жакынкы 1–2 айдын ичинде жарыяланат. Учурда аны өткөрүү боюнча 3–4 өлкөдөн билдирмелер келген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул өткөн доор эмес, азыр да жашап жаткан жандуу тарых. Бул — бир жолу болсо да көрүүгө татыктуу окуя.