Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 6,36 млн доллар берет. Каражат эмнеге жумшалат?

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 11:31
Угольно-Черный и Белый Минималистичный Пользовательский Интерфейс Изменение климата Экоустойчивость Информационная Многостраничная Публикация в Instagram (27).png
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Макулдашуу Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында өттү.

Жолгушууда тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна кошумча каржылоо боюнча жалпы суммасы 6,36 млн долларды түзгөн каржылоо жөнүндө макулдашууга жана гранттык техникалык жардам жөнүндө катка кол коюлду. Анын ичинде Дүйнөлүк банктын 4,36 млн доллар өлчөмүндөгү кредити жана 2 млн доллар өлчөмүндөгү гранты бар.

Бул каражат бала бакчаларды оңдоого жана жабдууга, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн камтуусун көбөйтүү максатында имараттарды оптималдаштырууга жумшалат.

Мындан тышкары, тараптар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР-21) ресурстарын бөлүштүрүү, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акы системасын өркүндөтүү, ошондой эле адам капиталын өнүктүрүүгө жана экономиканы санариптештирүүгө багытталган реформаларды илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банкка социалдык-экономикалык реформаларды колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу максатында өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.