Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Греция менен Албаниянын чек арасындагы Күкүрт үңкүрүнөн (Sulfur Cave) аянты 106 чарчы метрди түзгөн дүйнөдөгү эң чоң желе табылды. Бул тууралуу Nature журналы сайтына жарыялады.
Анда белгиленгендей, бул алп желеде болжол менен 111 миңге жакын жөргөмүш жашайт. Адистердин айтымында, андагы жөргөмүштөр негизинен Tegenaria domestica жана Prinerigone vagans деген эки түргө таандык. Табиятта бул эки түр бири-бирин аңдып, жей турган жырткыч мамиледе болушат. Бирок үңкүрдөгү өзгөчө шарттарга байланыштуу жөргөмүштөр бул ирет биригип чоң желе токушкан.
Окумуштуулар мунун себебин үңкүрдүн караңгылыгы менен түшүндүрүшөт. Толук караңгы чөйрө алардын аңчылык жөндөмүн алсыратат. Мындан улам жөргөмүштөр кадимки олжосун эмес, үңкүрдө көп кездешкен майда курт–кумурскаларды кармоого өтүшөт.