Дүйнөдөгү эң чоң айсберг дагы 20% кыскарды

Дүйнө Загрузка... 12 Сентябрь 2025 08:50
04a9a8d2-c5e3-4beb-9a49-db55d252d00e.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң чоң айсберг A23a кайрадан чоң бөлүгүнөн ажырап, бир заматта дээрлик 20% кичирейди. Бул тууралуу Арктика жана Антарктика илимий-изилдөө институту билдиргенин, Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, акыркы жумаларда айсбергден жалпы аянты 800 чарчы километрден ашкан төрт чоң бөлүк бөлүнүп кетти. Алар өз алдынча айсберг болуп калды.

"Муз гиганты A23a учурда түндүктү көздөй сүзүп баратат, ал эми анын айрым сыныктары карама-каршы багытка, түштүк-батышты көздөй жылууда. Алар чоң кемелер үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт", - дейт илимий-изилдөө институтунун адиси Полина Солощук.

Солощук кошумчалагандай, айсбергдердин эриши дүйнөлүк океандын деңгээлине таасир тийгизбейт, анткени процесс жай жүрүп, суу бир калыпта кайра бөлүштүрүүгө үлгүрөт.

Маалыматка ылайык, учурда A23a аянты 1,4 миң чарчы чакырымдан ашат жана ал дагы эле дүйнөдөгү эң чоң айсбергдин бири бойдон калууда. Айсберг Түштүк Георгия аралынан 130 км түндүктө жайгашкан. Окумуштуулар шамалдын жана жергиликтүү агымдардын таасири астында талкаланып, түндүктү карай жыла берет деп айтышууда.

1986-жылы Фильхнер музунун чети кыйраган маалда аянты 4,1 миң чарчы чакырымдан ашкан A23a айсберги Антарктидадан алыстап кеткен. Ал 30 жыл бою Уэдделл деңизинде турду.

2023-жылдын жазында айсберг күтүлбөгөн жерден Антарктиканын жээгиндеги Скоша деңизин көздөй жыла баштаган.

Андан кийин айсберг түндүккө ооп, 2025-жылдын башында Түштүк Георгияга жакындап калган. Жайында ал 1000 чарчы километрге жакын аянтын же 36% аянтын жоготуп, бөлүктөргө бөлүнүп кеткен.