Дүйнөдөгү эң боорукер сот Фрэнк Каприо 88 жашында дүйнө салды

Дүйнө Загрузка... 21 Август 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-08-21 at 17.06.54.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. "Дүйнөдөгү эң боорукер сот" катары белгилүү болгон АКШнын Род-Айленд штатынын соту Фрэнк Каприо 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, аны "эң түшүнүктүү жана боорукер" сот катары дүйнө жүзү тааныган. Анын чечим чыгарып жаткандагы жылмайган видеолору социалдык тармактарда миллиондогон жолу көрүлгөн.

Ал уйку безинин рагы менен узак жана тайманбас күрөштөн кийин каза болгонун анын уулу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

“Анын жылуу мамилеси, тамашакөйлүгү жана боорукердиги баарына эстен кеткис таасир калтырды. Ал кадыр-барктуу сот гана эмес, мээримдуу жар, ата, чоң ата, дос катары да ар бирибиздин түбөлүк эсибизде калат. Бүгүн атам уйку безинин рагы менен узак жана тайманбас күрөштөн кийин тилекке каршы акка моюн сунду”, - деп жазган уулу.

Маалымат үчүн: Фрэнк Каприо - америкалык юрист, саясатчы жана сот. Род-Айленд штатынын Провиденс штатынын башкы соту жана Род-Айленддин жогорку окуу жайларынын башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы болуп иштеген. Ал өзүнүн “Caught in Providence” аталышындагы телеберүүсү аркылуу дүйнөгө кеңири таанылган. Бул көрсөтүүдө Каприо жол эрежелерин бузган иштерди карап, чечим чыгарат. Чечим чыгарууда адамгерчилик, түшүнүүчүлүк жана жылуу мамиле кылганы үчүн көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган.