Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү 8 миңдик 14 чокуну багынткан адам “Жер таажысы” наамын алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта бул 14 чокуга чыгып, аталган наамды алган дүйнөдө болгону 45 альпинист гана бар.
“Мен азырынча бул чокулардын жарымына чыктым. Андан сырткары, “Ак илбирс” наамы бар. Аны алуу үчүн Кыргызстандагы үч жети миңдик чокуну - Ленин, Жеңиш жана Жел-Айдар жана Тажикстандагы Озоди, Сомони чокуларын багынтуу керек. Бул беш чокунун баарын багынткандарга “Ак илбирс” наамы ыйгарылат”, - деди Кубатов.
Ал ошондой эле дүйнөлүк альпинизмде кеңири таанылган дагы бир ири долбоор “Жети чоку” тууралуу да белгилеп өттү. Бул программада ар бир континенттин эң бийик чокусун багынтуу каралган.
“Бул үч ири долбоор “Жер таажысы”, “Ак илбирс” жана “Жети чоку”- альпинизмде эң жогорку максаттардын бири болуп саналат. Учурда дүйнө жүзүндө ушул үч багыттын баарын тең багынткан болгону 15 альпинист бар. Биздин кыргыз альпинисттери дагы бул жетишкендиктерге умтулуп, активдүү аракет жасап жатышат”, - деди ал.