Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Какаонун баасы арзандаганына карабай, дүйнө жүзүндө шоколадга болгон суроо-талап кескин азайды.Бул тууралуу Bloomberg аналитиктердин жана трейдерлердин маалыматтарына таянуу менен билдирди.
2025-жылдын үчүнчү кварталында Европадагы шоколад өндүрүшү акыркы 10 жылдагы эң төмөн деңгээлге түшкөн. Ошол эле учурда мындай абал Азияда жана Түндүк Америкада да кайталанууда.
Аналитиктердин айтымында, Нью-Йорктогу какао фьючерстери декабрь айындагы эң жогорку чегинен эки эсеге кыскарганына карабастан, шоколад жасоочулар мурда сатып алган кымбат чийки зат менен иштеп жатышат.
Marex Group компаниясынын айыл чарба продукциясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Джонатан Паркман билдиргендей, кайра иштетүүчүлөр кийинки алты айдын ичинде жогорку бааларды кармап калышты.
«Какао майына болгон суроо-талап азыр төмөн. Элдер өткөн жылдагыдай жеткирүү тууралуу кооптонбой калышты. Баанын өсүшүнөн улам, какао майын башка заттарга алмаштыруу көбөйдү». - деп кошумчалады ал.