Дүйнөдө кургак учуктан 80% коргой ала турган вакцина пайда болушу мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2025 13:54
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Дүйнөдө кургак учукка каршы жаңы вакцина пайда болот. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.

"Бизде 2030-жылга чейин кургак учукту жок кылуу боюнча амбициялуу пландар бар. Буга жетүү үчүн алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо багытында жаңы инновациялык ыкмалар иштелип чыккан., - деди ал.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келерки жылы кургак учуктан 70-80% сактай турган жаңы вакцинаны убада кылууда.