Дүйнөдө билим берүү жайларына жасалган кол салуулардын саны көбөйдү — БУУ

Дүйнө 9 сентябрь 2026 17:05
Дүйнөдө билим берүү жайларына жасалган кол салуулардын саны көбөйдү — БУУ
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. 2024-2025-жылдары дүйнөдө билим берүү тармагына 8,5 миңден ашык кол салуу катталган. Бул көрсөткүч мурунку мезгилге салыштырмалуу 40%га көп болуп, байкоолор башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Бул тууралуу БУУнун материалдарында айтылганын Казинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган мезгилде кеминде 10,6 миң окуучу жана мугалим каза болуп, жаракат алган же барымтага алынган. Ошондой эле мектептерди аскердик максатта колдонуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

Бул маалымат 9-сентябрда белгиленүүчү билим берүү тармагындагы кол салуулардан коргоонун эл аралык күнүнө карата жарыяланды. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш анда куралдуу кагылышуулар күчөп жаткан шартта билим алуу барган сайын кооптуу болуп жатканын белгиледи.

“Билим берүү — ар бир бала жана жаш муундун өкүлү үчүн жакшы келечекке жол. Ошондой эле бул адамдын негизги укуктарынын бири. Бирок бул укукту ишке ашыруу барган сайын кооптуу болуп жатат” — деди ал.

Гутерриш мамлекеттерди балдардын билим алууга болгон укугун жана окуу жайлардын коопсуздугун камсыз кылууга, ал эми куралдуу кагылышууга катышкан тараптарды мектептерге жасалган кол салуулардын алдын алып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

БУУнун маалыматына ылайык, учурда дүйнөнүн 87 кризиске кабылган өлкөсүндө 258 млн бала билим алууда олуттуу тоскоолдуктарга туш болууда. Алардын 93 миллиону мектепке такыр бара албай жатат.

Мындан тышкары, 2025-жылы куралдуу кагылышуулардан улам балдардын укуктары 38 миңден ашуун жолу олуттуу бузулган. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.