Дүйнөдө 700 млн адам өтө жакырчылыкта жашайт

Дүйнө 17 октябрь 2025 16:30
Дүйнөдө 700 млн адам өтө жакырчылыкта жашайт
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 700 миллионго жакын адам күнүнө 2,15 доллардан аз акчага жашайт.Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, дагы 3,5 млрд адам күнүнө 6,85 доллардан аз киреше табат, бул орточо кирешелүү өлкөлөрдө жакырчылык деп эсептелет.

БУУнун отчетуна ылайык, дүйнө калкынын дээрлик жарымы көптөгөн өлкөлөрдө жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт.

Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөр негизинен Африкада.