Көчмөндөрдүн тажрыйбасы адамзат үчүн маанилүү сабак — словениялык профессор

Билим 3 сентябрь 2026 13:09
Көчмөндөрдүн тажрыйбасы адамзат үчүн маанилүү сабак — словениялык профессор

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Дүйнөдө климаттын өзгөрүшү, экологиялык көйгөйлөр, аргасыз миграция күчөп турган шартта адамзат көчмөндөрдүн жаратылыш менен гармонияда жашоо тажрыйбасы үйрөнүшү зарыл. Бул тууралуу Словениянын Любляна университетинин профессору Сванибор Петтан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан илимий конференциянын алкагында “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө адамдардын басымдуу бөлүгү отурукташкан жашоо образын тандап, жаратылышты өзүнүн жашоо шарттарына жана керектөөлөрүнө баш ийдирүүгө аракет кылат. Бирок, көчмөндөр жаратылыш менен гармонияда жашап, аны өзүнө баш ийдирүүгө умтулган эмес.

“Көчмөндөрдүн маданияты жана тажрыйбасы бүгүнкү күндө адамзат үчүн маанилүү сабак боло алат. Дүйнө согуштар, климаттын өзгөрүшү, экологиялык көйгөйлөр жана аргасыз миграция сыяктуу олуттуу чакырыктарга туш болуп жаткан учурда көчмөндөрдүн тажрыйбасынан үйрөнүү зарыл”, — деди профессор.

Сванибор Петтандын белгилешинче, көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын ар тараптан изилдөө үчүн окумуштуулардын ортосунда туруктуу диалог жана кызматташтык керек.

“Номадизм, көчмөндөрдүн маданияты жана тарыхы тууралуу пикир, жаңы идеялар жана чечимдерди алмашуу үчүн биз дайыма жолугуп турушубуз керек. Мындай кызматташтык илимди алдыга жылдырууга жана адамзаттын билимин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”, — деди ал.

Профессор Кыргызстанга буга чейин өткөн жылы “Рух Ордо” маданий борборунда өткөн иш-чарага катышканын белгиледи. Анын айтымында, быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында концерттер, сынактар, мастер-класстар жана илимий программаларды камтыган иш-чаралардын кыска убакытта жогорку деңгээлде уюштурулушу чоң таасир калтырган.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясы өтүүдө.