Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Мароккону 2:0 эсебинде жеңип, турнирдин алгачкы жарым финалчысы аталды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Беттеш АКШнын Фоксборо шаарындагы “Жиллетт” стадионунда өттү.
Оюндун 28-мүнөтүндө Франциянын капитаны Килиан Мбаппе пенальтини ишке ашыра алган жок. Бирок экинчи таймда ал катасын оңдоп, 60-мүнөттө эсепти ачты. Алты мүнөттөн кийин Усман Дембеле Мбаппенин чыгарып берген тобун экинчи гол кылып киргизди.
Бул жеңиштен кийин Франция дүйнө чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды. Эми алар Испания менен Бельгиянын беттешинде жеңишке жеткен команда менен беттешет.
2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Турнирдин финалдык беттеши 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарында өтөт.